«Тазалык» ишканасы кызматкерлердин эмгек акысы көбөйгөнүн билдирди

«Тазалыктын» кызматкерлери. Сүрөт: Ишкананын басма сөз кызматы.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кызматкерлердин эмгек акысын көтөрдү. Мурда алар 12 миң сом алса, февралдан тарта 22 миңден 35 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкана санитардык тазалоонун бюджетин көбөйттү. Ага ылайык, 1 554 кызматкердин 1 100нүн айлыгы январдан тарта жогорулады.

«Шаар 1 200 технологиялык картага бөлүнгөн. Ар бир картанын өзүнүн баасы бар, көчө шыпыргандар ошол тилкелерди тазалаганы үчүн айлык алат. Ар бир кызматкерге үч картадан каралган. Бирок кээ бир жерлер тазаланбай жаткандыктан шаар тургундары сын-пикир айтууда. Ар бир кызматкерге бирден аймак тийгендей кылып картаны 750гө чейин кыскарттык», — деди ал.

Алиев Бишкек шаардык мэриясы «Тазалык» ишканасына унаа сатып алуу үчүн каражат бөлгөнүн кошумчалады. Аныны айтымында, 16 жана 20-мартта 29га чукул жаңы техника келери күтүлүүдө.

Ошондой эле «Тазалыктын» жетекчиси кызматкерлердин 98,3%ы өз өмүрүн жеке ишканаларда камсыздандырганын айтты. Ал эми жумушчулардын коопсуздугу үчүн жаңы жилеттерди сатып алуу пландалып жатат.

«Тазалыктын» кызматкерлерин унаа сүзүп кеткен учурлар бир нече жолу катталган. 2021-жылы көчө шыпырып жүргөн кызматкерди мас абалдагы айдоочу сүзүп кетип, каза болгон. Ушундай эле окуя 2022-жылы да катталган.

Буга чейин, 31-январда Бишкек шаардык кеңеши таштанды чыгаруунун тарифин көтөргөн. Ага ылайык, 1-февралдан тарта тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу киши башына 22,5 сомдон 41 сомго жогорулайт. Пенсионерлер үчүн киши башына 6 сомдон 22,5 сомго көтөрүлөт.

Чарба субъекттери үчүн жаңы тариф бир метр кубу үчүн 361 сомду түзөт, учурдагы тариф боюнча ал 225 сом болчу.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте 1-февралдан тартып таштанды чыгаруунун тарифи көтөрүлөт