Түркиядагы зилзала: Депутаттар жабыркагандарга жардам катары эки күндүк айлыгын которушат

Парламент депутаттары. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам катары эки күндүк эмгек акысын которушат. Мындай чечим парламенттин 9-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында «Элдик депутаттар» тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга көмөктөшүү үчүн эки күндүк айлыгын которууну сунуштады.

Бул демилгени бардык депутат колдоп, каражат которуу боюнча токтом кабыл алынды.

Аны менен катар, мамлекеттик органдардын кызматкерлери да Түркиянын тургундарына жардам катары бир күндүк маянасын которуп жатышат.

Буга чейин жардам иретинде президенттик администрациянын, Финансы, Санариптик өнүктүрүү жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери бир күндүк айлыгын которушкан.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиялык Anadolu басылмасы өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоганга таянып, табият кырсыгы 12 миңден ашык адамдын өмүрүн алганын, 62 миңдей киши жабыркаганын жазды.

Ал эми Aljazeera басылмасынын акыркы маалыматына ылайык, Сирияда зилзаланын кесепетинен 2 992ден көп адам каза тапкан. Эки өлкөдө тең каза болгондорду тактоо иштери дагы деле уланууда.

Кыргызстандан түрк элине жардамдашууга 67 кишиден турган куткаруучулар тобу барып, учурда Кахраманмараш шаарында ураган имараттардын алдынан адамдарды издөө жана куткаруу ишин аткарып жатышат. Алар урандынын астынан 19 кишинин сөөгүн чыгарышканы кабарланды.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түздү.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы.