Каржы министрлиги: Түркияда жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсепке 4,9 млн сом түштү

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 4,9 млн сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Каржы министрлиги атайын эсепке 12 млн 350 миң сом келип түшкөнүн билдирген болчу.

«Бизге отчёт валютасы (сом, рубль) көрсөтүлбөй таблица түрүндө берилген. Мындан улам кечирим сурайбыз», — деп билдиришти министрликтен.

Түркиядагы зилзалада жабыркагандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп 7-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган.

Эсептин реквизиттери:

Банк: «Айыл Банк» ААКы

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: №1350102119900169 «Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)»;

Төлөмдүн коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу кайрымдуулук кылган жарандардан жана юридикалык жактардан жардам.

Түркияда күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө 6-февралда болгон. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым ары аралыкта болгон.

«Анадолу» агенттигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта Түркияда болгон зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 31,6 миңден ашты.

Дагы окуңуз: ИИМ Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга 3 тонна гумжардам жөнөттү