Башкы прокуратура: «Ошэлектр» ишканасы 22 млн сом акча каражатын мыйзамсыз колдонгон

Сүрөт: Tazabek басылмасы

«Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери 21 млн 972 миң 120 сомдук кепилдик төлөмдү мекеменин кызыкчылыгына мыйзамсыз сарптаганы аныкталды. Бул тууралуу 21-февралда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-2022-жылдары мамлекеттик сатып алуулардын алкагында ишкерлер тарабынан конкурстук табыштамаларды жана келишимди аткарууну кепилдөө максатында 28 млн 291 миң 746 сом сом түшкөн.

Анын ичинен 21 млн 972 миң 120 сомдук акча каражатты «Ошэлектр» ишканасы кызматкерлердин айлык акыларын төлөөгө, салыкка жана башка карыздарын жоюуга сарптап жиберген.

Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин, 2021-жылы «Ошэлектр» ишканасы мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу кишилери Маммүлк фонду менен макулдашпай туруп, ишкананын мурдагы административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатып жиберишкен.

Имараттын жалпы аянты 619 чарчы метрди түзүп, 1665 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан болчу. Финполиция маалымдагандай, жер сатуу учурундагы мындай участоктун орточо базар баасы — 1 сотых жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган.

«Ошэлектр» ачык акционердик коому — Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын электр энергиясы менен камсыздайт. Ал 2001-жылы «Кыргызэнерго» акционердик коомун кайра түзүүнүн негизинде «Ошэлектр» ААК деп аталып калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ошэлектрдин» мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Финпол: «Ошэлектр» жер менен имаратты 30 млн сомго арзан сатып жибергени аныкталды