Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу боюнча үн катты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу боюнча билдирүү жасады. Билдирүүнү ал 21-февралда өзүнүн соцтармактагы баракчасында жарыялады.

Жээнбеков жолугушуунун максаты өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо болгонун белгилеп, Садыр Жапаровдун демилгесин өзү жана башкалар колдогонун айтты.

«Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук. Жолугушуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык», — деди ал.

Жээнбеков «жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынганы — биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди» дейт. Ал «Садыр Жапаров ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады» деп кошумчалады.

Ошондой эле Жээнбеков Дубайдагы жолугушууга чейин Жапаров аны Атамбаев менен жолуктурганын тастыктады.

«Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер… Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды ынтымак! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок», — деп жазды экс-президент.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жакында абактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «элдештиргенин» билдирген.

«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — деген ал.

Атамбаев менен Жээнбеков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин жакын үзөңгүлөштөрдөн болушкан. Бирок Жээнбеков тактыга келгенден кийин экөөнүн ортосунда чыр-чатактар башталган.

Анда Атамбаев Жээнбековдун дарегине бир нече жолу кескин сындарды айткан. Атамбаев Жээнбековго президенттик кызматка жетүүгө дагы жардам бергенин билдирген.

Ортодо жалындаган чырдын шартында алгач Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө, андан соң мурдагы президенттин өзүнө дагы бир катар кылмыш иштери козголуп, андан экс-президенттик макамы алынган.

Атамбаев өзү 2019-жылы Жээнбековду бийлике алып келгени үчүн кечирим да сураган.

Бирок Жээнбеков президенттик кызматта мөөнөтүнүн аягына чейин отурган жок. 2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин отставкага кетип, бийликке ошол күндөрү тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошотулган Садыр Жапаров келген.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев журналисттерге курган маектеринин биринде 2020-жылдын октябрь окуяларын эскерип жатып, Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшырып жатканда «Атамбаевдин кишилери [бийликке] келбеши керек, Кой-Таш окуясын аягына чыгарасыңар, тигини-муну камайсыңар» деген бир нече шарт койгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Садыр Жапаров Атамбаев менен Жээнбековду «элдештиргенин» айтты

Атамбаев Жээнбековдун артынан куубасын, «аны Кудай өзү жазаларын» билдирди

«Саясатка кайра барбайм жана журналисттерге ыраазымын». Атамбаевдин абактан кийинки биринчи интервьюсу