Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү: 27-февралда Бишкекте документалдуу тасманын бет ачары болот

27-февралда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында «Who is next?» («Кийинкиси ким?») аталышындагы даректүү тасманын бет ачары болот. Анда уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова тууралуу баяндалат. Бул тууралуу «Сорос–Кыргызстан» фондунан билдиришти.

Фильмдин бет ачары 19:00дө башталат. Кирүү акысыз.

«Тасмада кыздарды мажбурлап никеге туруу үчүн ала качуу эмнеге алып келери жана анын эмне үчүн кылмыш экени көрсөтүлөт. Тасма бир гана окуянын анализи эмес, Айзаданын апасы — Назгүл Шакенованын трагедиясы тууралуу дагы», — дейт тасманын режиссёру Нуржамал Карамолдоева.

Анын айтымында, тасмадагы маанилүү темалардын бири — тергөө иштериндеги милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы. Бул иш Айзада өлтүрүлгөндөн көп өтпөй козголуп, бирок тергөө аягына чыга элек.

Тасманы тартуу иштери 2021-жылдын октябрь айында башталган. 2022-жылдын аягында тасма эл аралык кино фестивалдарга катышкан. Тасманы «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана АУЦАнын колдоосу менен «Paradigma N» студиясы тарткан.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, «алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөткөн жана укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Алардын арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев, анын орун басары Эрлан Атантаев, Биринчи май РИИБнин башчысы Акылбек Казакеев жана издөө иштерине бюрократиялык бут тосуулар тоскоолдук кылды деп айтып чыккан Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алар бул чечимге даттануу келтиришип, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.