Акылбек Жапаров: Чек арадан кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан чек арадан кирем дегендердин мизин кайтарууга даяр экенин билдирди. Ал Баткенге жумушчу сапары менен барганда өлкөгө жаңы техникалар келгенин айтты.

«Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Тынчтыкта жашайм десең, ар дайым бардык нерсеге даяр бол дейт. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. [...] Бардык жаңы техникалар келген» — деди ал.

Бирок Жапаров өлкөгө кандай техникалар жана куралдар алып келингенин, алардын санын жана канча акчага сатылып алынганын ачыктаган жок.

Ошондой эле минкабдын төрагасы жакында үйлөрдүн курулушу бүтсө, жол куруу, көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин куралдуу жаңдалда кыйраган 332 үй жаңыдан кулуруп, колдонууга берилгени, калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтөрү кабарланган.

Куралдуу күчтөрүн баалаган Global Firepower аналитикалык борборунун 2023-жылдагы жарыяланган рейтингинде Кыргызстан 107-орунду ээлеген.

Өткөн жылы Кыргызстан ушул эле рейтигде 90-орунда болчу.

Жаңыланган рейтингде коңшу Өзбекстан 62-орунга, Казакстан 63-орунга ээ болгон. Ал эми Түркмөнстан 82-орунга татыса, Тажикстан 120-орунду камсыздаган.

Өткөн жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны коргоо үчүн жаңы аскердик техникалар менен камсыздалган. Ошондой эле ӨКМ үчүн да жаңы техникалар сатылып алынган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Куралдуу жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган.

Жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 83 киши экенин жазган.

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен Баткенде 661 үй жабыркаган, алардын 422си жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.