«Канадага кетүүгө даярмын». Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президенттен ырайым сурады

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу, ушул тапта абакта кармалып турган Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коррупцияны жоё албаганы үчүн президент Садыр Жапаровдон кечирим сурап, ырайым кылууну өтүндү. Катты 27-февралда адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбук барагына жарыялады.

Бөлтүрүк президенттин «койгон милдеттерин, жоопкерчиликти толук аткара албаганын» айтып, бирок «коррупциялык схемаларга аралашпаганын» баса белгиледи.

«Жумасына 75-80 саат иштесем да, баары бир “Кумтөрдүн” жана Улуттук холдингдин иштерин толук [аткарганга], кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. “Кумтөрдөгү" 20 жылдан ашык терең жана жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жоюуга жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок мен, сизге сөз бергендей ошол схемаларга аралашкан жокмун жана пара алган жокмун», — деди ал.

Ошондой эле Бөлтүрүк, зарыл болсо Канадага кетүүгө даяр экенин белгилеп, президенттен туура чечим кабыл алууну өтүндү.

«Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка болгон үмүтүмсүз жана ишеничимсиз. Эгер дагы эле мага ишенсеңиз, сизге чынчыл жана ишенимдүү түрдө жардам берүүгө даярмын. Эгер өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары кудайдын жана сиздин колуңузда», — деп белгиледи Бөлтүрүк.

«Кумтөрдүн» жетекчилигинин кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тартып жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген.

2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген, соттун акыркы чечимине ылайык, ал 10-мартка чейин камакта болот.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бөлтүрүктүн адвокаты Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранды