Сот чет элдик жаранды коркутуп, тамашага салган пранкерди 5 миң сом айыпка жыкты

Биринчи май райондук соту чет элдик жаранды коркутуп, тамашага салган пранкерди «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 2-мартта «Клоопко» райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот аны 5000 сом айыпка жыкты.

Чет элдик жаранды шакаба кылып, тамашага салган видеону соцтармактарга пранкер өзү жарыялаган. Тасмадан окуя Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанындагы жер өтмөктө болгонун байкоого болот.

Жигит чет элдик жарандын «Милиция чакырам. Жакындаба» дегенине карабай ага тап берип, тамашасын уланткан. Ал эми соцтүйүндүн айрым колдонуучулары жигиттин видеосун провокация катары баалап, аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Милиция блогерди кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирген. Кийинчерээк пранкер элден жана чет элдик жарандан кечирим сураган.

Социалдык тармактарда олуттуу темада пранк катыр видео тартып, жарыялап келгендер буга чейин да катталган. Былтыр Ош шаарындагы жергиликтүү блогер достору менен кыз уурдап, андан кийин пранк экенин айткан. Милиция блогерге тийиштүү чара көрүлөрүн убадалаган.

Кийинчерээк милициянын формасы кийип алып жолдон унааларды токтотуп, айдоочуларды тамашага салган эки бала дагы милицияга түшүндүрмө берген.

Блогер жана жарнама берүүчүлөр көп учурда өздөрүнүн видеолору менен терс көрүнүштөрдү же реалдуу кылмышты адаттагы нерсе катары көрсөтүүгө аракет кылышат.

Кийин жарнаманын авторлору да, жарнамага буйрутма бергендер дагы бул болгону юмор деп актанышат, а бирок ошол эле учурда мындай тамаша аркылуу кылмышты мыйзам ченемдүү кылып жатканын түшүнүшпөйт. Поп-маданият, жарнама, тамашанын продуктулары аркылуу коомдо терс көз карашты калыптандырып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция пранк деп кыз уурдоону уюштурган блогер Орозбекке чара көрөт

«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт?