Чет элдик жаранды тамашага салган пранкер кечирим сурады

Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган пранкер элден жана чет элдик жарандан кечирим сурады. Ал кайрылуусун 23-февралда соцтүйүндөргө жүктөгөн.

«Чет элдик жаранды тарткан видеом коомчулукта терс пикир жаратты. Ошол үчүн кечирим сурайм. Андан башка да жаман пранктарым болсо кыргыз элинен кечирим сурайм. Экинчи кайталанбайт, Кудай буюрса. Чет элдик жарандын оорулуу экенин билген эмесмин. Антпесе тартпайт болчумун, жакын жолобойт элем», — деди ал кайрылуусунда.

Буга чейин соцтармактарда белгисиз жигиттин чет элдик жаранды шакаба кылып жаткан видеосу тараган. Тасмадан окуя Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанындагы жер өтмөктө болгонун байкоого болот.

Жигит чет элдик жарандын «Милиция чакырам. Жакындаба» дегенине карабай ага тап берип, тамашасын уланткан. Ал видеону соцтүйүндөгү барактарына «Пранк. Жакшы общение кылдык» деген баяндоо менен жарыялаган. Кийин блогер видеону өчүргөн.

Ал эми соцтүйүндүн айрым колдонуучулары жигиттин видеосун провокация катары баалап, аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Милиция блогерди кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирген. Бул боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргүзүлүп жатканын белгилешкен. Анын жыйынтыгында блогердин аракетине юридикалык баа берилери айтылган.

Социалдык тармактарда олуттуу темада пранк катыр видео тартып, жарыялап келгендер буга чейин да катталган. Былтыр Ош шаарындагы жергиликтүү блогер достору менен кыз уурдап, андан кийин пранк экенин айткан. Милиция блогерге тийиштүү чара көрүлөрүн убадалаган.

Кийинчерээк милициянын формасы кийип алып жолдон унааларды токтотуп, айдоочуларды тамашага салган эки бала дагы милицияга түшүндүрмө берген.

Блогер жана жарнама берүүчүлөр көп учурда өздөрүнүн видеолору менен терс көрүнүштөрдү же реалдуу кылмышты адаттагы нерсе катары көрсөтүүгө аракет кылышат.

Кийин жарнаманын авторлору да, жарнамага буйрутма бергендер дагы бул болгону юмор деп актанышат, а бирок ошол эле учурда мындай тамаша аркылуу кылмышты мыйзам ченемдүү кылып жатканын түшүнүшпөйт. Поп-маданият, жарнама, тамашанын продуктулары аркылуу коомдо терс көз карашты калыптандырып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган пранкерди кармады

Милиция пранк деп кыз уурдоону уюштурган блогер Орозбекке чара көрөт

«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт?