Акаев: Садыр Жапаров «президенттерди Кыргызстанга алып келем» деген маселе көтөргөн жок

Кыргызстандын туңгуч бозгун президенти Аскар Акаев 20-февралда «Азаттыкка» маек курду. Анда ал Садыр Жапаровдун мурдагы өлкө башчылары менен Дубайда болгон жолугушуусу тууралуу кенен айтып берди.

Акаевдин сөзүндө, жолугушуу ал үчүн «сюрприз» болду — анын айтымында, президент Садыр Жапаров аны «Дубайга келип берсеңиз, акылдаша турган иш бар эле» деп чакырган.

«Мен бардым. Барсак, сюрприз. Ошол жерде экс-президенттердин баары чогулган экен. Президент Жапаров “максатыбыз бир, ал — республикада стабилдүүлүктү сактоо, элдин ичиндеги ынтымакты, биримдикти бекемдөө” деп айтты. Ал “элибиз “акаевчи”, “бакиевчи” жана “баланчаевчи” деп бөлүнүп-жарылып, ошондуктан алдыга жылууга кедергисин тийгизип жатат, ошондуктан баарыңарды ынтымакка чакырам, бөлүнбөй-жарылбай, стабилдүүлүк колдоп, бир беткей экономикабызды өстүрүп-өнүктүрүп, элибизге жакшылык жараталы” деген жакшы демилге, бийик максат койгон экен», — деди ал.

Мурдагы президент Жапаровдун бул демилгесин «баары колдоп бергенин» айтты. Ошондой эле «баары аягына чейин отуруп, татынакай тамак-ашын ичип кеткенин» белгиледи.

Акаев «жолугушуу тарыхый окуя жана жакшы иш болду» деп эсептейт. «Бирок мунун баарын жакшы жакка буруш коомчулуктун, интеллигенциянын колунда» дейт ал.

«Азаттыктын» журналисти Кубат Касымбеков жолугушууда Курманбек Бакиевди өлкөгө кайтаруу маселеси тууралуу сөз болдубу деп сурады. Анда Акаев мындай маселе көтөрүлгөн жок деп ишендирди.

«“Президенттердин баарын Кыргызстанга алып келем” деп маселе көтөргөн жок. Андай маселе көтөрүлүшү да мүмкүн эмес. Ар бир президент өзү чечиши керек. Мыйзамдын негизинде. Жеке мен өзүмдү алсам, мурдагы жылы эки жолу [Кыргызстанга] бардым. Компетенттүү органдар менен эки жолу он күндөн эртеден-кечке чейин отуруп, бардык суроолоруна, претензияларына жооп бердим. Мына быйыл мага болгон иштердин баарын жоюшуп, токтотуп, “эми элдин алдында тазасыз, калааган убакта келе бериңиз” деди. Эми мага республикага жол ачылды», — деди ал.

Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогулткан. Жапаров жолугушууда биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкенин белгилеген.

Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Буга чейин жакында эле абактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жолугушуу тууралуу билдирүү жасаган. Ал жолугушууга мурдагы президенттер келери тууралуу алдын ала кабардар болбогонун, жолугушууда Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев гана болору маалымдалганын айткан.

Анын пикиринде, «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе. Ал эми аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет».

Бийлик Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн негиз түптөп жатканы тууралуу божомолдор мурдагы президенттер Дубайда жолукканга чейин эле айтылып жүргөн.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Сот 2013-жылы 7-апрелдеги ыңкылапка байланыштуу Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен