Орунбеков: Жапаровдун кайрылуусунда кайсыл бир президентти кайтарып келүү сөзү айтылган жок

Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды Кыргызстанга кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук барагында жазды.

Садыр Жапаров өз кайрылуусун 18-февралда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттери менен Дубайда жолуккандан кийин жарыялаган. Алардын арасында бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев болгон. Кыргызстандыктардын көбү бул жолугушуу Бакиевдин жакында Кыргызстанга кайтышын каңкуулайт деп болжошкон.

«Саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз. Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда, мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок. Улуттун өзөгүнө олуттуу сокку уруп келе жаткан регионализм, трайбализм көйгөйлөрүн чечүү менен элдин ынтымагын бекемдөө — башкы максат болгону ачык айтылган», — деп жазды Орунбеков.

Орунбековдун пикиринде, Жапаров «өткөн-кеткенге кылчактабай мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды».

«Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт. Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катары каталарды да кетиришти. Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай каталарды кетиргенин баарыбыз жакшы билебиз», — дейт Орунбеков.

Орунбеков «алдыга жылалы» деген ой президенттин саясатындагы артыкчылуктуу багыт экенин белгиледи.

«Биз бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздарыбыз, ич ара душмандашкандан баарыбызды Жараткан сактасын. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулука чакырабыз, ынтымакта бололу», — деп кайрылды Орунбеков.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Жапаров жолугушууда биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкенин белгилеген. Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Бийлик Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн негиз түптөп жатканы тууралуу божомолдор мурдагы президенттер Дубайда жолукканга чейин эле айтылып жүргөн.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Сот 2013-жылы 7-апрелдеги ыңкылапка байланыштуу Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан.

Тема боюнча: «Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен