ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөтү майга чейин узартылды

«ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорун толуктап, иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Президенттик администрациясы тараткан документте айтылат.

Буга чейин мыйзам долбоорун иштеп чыгуу 1-мартка чейин узартылган болчу. 21-февралда курамына көз карандысыз юристтер, журналисттер, эксперттер жана Президенттик администрациянын өкүлдөрү кирген жумушчу топтун мүчөлөрү долбоор тууралуу ой-пикирлерин айтып, сунуштарды беришкен.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Анда укук коргоочулар мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деп белгилешкен.

Медиа Полиси Институтунун эксперттерипрезиденттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.

Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган. Мыйзам долбоорунун толукталган вариантында популярдуу блогерлер да каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттери жүктөлөрү айтылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып нааразы болушкан. Кийинчерээк бул норма алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат