«ЭлТР» каналы «ПолитКлиниканын» үстүнөн экинчи жолу арызданды

«ЭлТР» мамлекеттик телеканалы «ПолитКлиника» басылмасынын үстүнөн кайрадан арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» басылманын башкы редактору Дилбар Алимова билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик канал Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазган.

Kaktus.media басылмасына берген интервьюсунда Алимова буга чейин Свердлов райондук соту телеканалдын өкүлдөрү мамлекеттик пошлинаны төлөбөгөнү үчүн арызын четке какканын кошумчалады.

Өз кезегинде «ЭлТРдин» башкы директору Эрлан Догдурбеков сот телеканалдын арызын кабыл алганын, алар талабынан баш тартпай турганын билдирди. Буга чейин «ЭлТР» «Политклиникадан» материалдарынын бирин өчүрүп, каналга 10 млн сом кенемте берүүнү талап кылган.

«ПолитКлиника» жана ЭлТР. Эмне болду?

«ЭлТР» мурда эле сотко кайрылып, моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом — редакциянын өзүнөн 7 млн сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сомөндүрүп берүүнү талап кылган. Буга телеканалдын «Садыр Жапаров энергетика тармагына сырттан карыз алган эмес» деген сюжетин «ПолитКлиника» басылмасы төгүндөгөнү себеп болгон.

«ЭлТР» өз кезегинде атайын репортаж даярдап, «ПолитКлиниканы» жана басылманын башчысы Дилбар Алимованы жалган маалымат таратты деп айыптаган.

ЭлТРдин бул сюжетин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук барагына бөлүшкөн. Ал «ПолитКлиника» медиасын «такталбаган калп маалымат таратты» деп айыптаган. Ал президенттин администрациясы «ПолитКлиниканын» материалын манипуляция, чындыкка дал келбеген карандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо деп эсептей турганын билдирген.

Бул айыптоолорго «ПолитКлиника» видеоматериалдагы маалыматтар ачык булактардан алынган жана өз чындыгын сотто далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Сотко кайрылганга чейин «ЭлТР» фейктер жөнүндөгү мыйзамды пайдалануу максатында «ПолитКлиниканын» үстүнөн Маданият министрлигине арыз менен кайрылган. Мекеме «ЭлТРдин» арызын четке каккан. Себеби арызды жазууга себеп болгон материалдагы маалыматтар ачык булактардан алынган деп эсептеген. Министрлик мамлекеттик телеканалга сотко кайрылууну сунуштаган.