Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Грецияда мыкты деп табылды

Сүрөт: «Шамбала» тасмасынан көз ирмем

Кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» аттуу тасмасы Грецияда өткөн Liber Films International Festival кинофорумунда мыкты аталды. Бул тууралуу кинофорумдун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жыйынтык январь жана февраль айларынын тизмеги боюнча чыгарылган. Сезондук жеңүүчүлөр үстүбүздөгү жылы октябрда Афинада өтө турган салтанатка катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Буга чейин, 2021-жылы апрелде, Сүйүндүковдун тасмасы 2020-жылдын «Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильми» наамына татып, Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңип алган.

Кийинчерээк, ноябрь айында «Шамбала» Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» жеңген.

Ал эми ошол эле жылы декабрь айынын башында фильм «Мыкты чет элдик тасма» катары «Оскар» сыйлыгына татыктуулардын лонг-листине кирген. Бирок тасма шорт-листке илинбей калган.

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Фильмдин сюжетинде балалык дүйнө таанымы чоңдордун катаал реалдуу жашоосуна туш келген жети жаштагы баланын баяны чагылдырылат.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мыкты оператордук эмгек». «Шамбала» кыргыз тасмасы Нью-Йорктогу фестивалда сыйлыкка татыды

«Шамбала» тасмасы Moving Film Festival’да жети сыйлыкка ээ болду

Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңди