Ташиев аялдар мекен сакчыларын төрөп бериши үчүн аларды сыйлаш керек деди. Эмнеге бул сөзү туура эмес?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аялдар мекен коргоочуларды төрөп бериши үчүн аларды урматтап, аларга «татыктуу жашоо» тартуулаш керек деп билдирди. «Клооп» Ташиевдин сөздөрү эмне үчүн аялдарды басмырлоо болуп эсептелерин айтып берет.

Ташиев эмне деди?

УКМК башчысы бул боюнча сөзүн 6-мартта өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы айылындагы жаңы төрөтканын курулушуна капсула салуу учурунда айткан. Ташиев мындай деген:

«Апаны сыйласак, энени сыйласак, эжени, карындаштарды, келиндерди сыйласак, аларды кор кылбасак, эртен мамлекетибизди бага турган, коргой турган уул кыздарыбызды төрөйт. Келинди кордоп, кызыбызды кыйнап, апаны карабай эч качан жыкшылыкка жетпейбиз. Жакшы, жыргал жашоонун, күчтүү мамлекет болуунун бирден бир жолу — аял кишиге кылган мамиле, мына эркектердин мамилеси. Ушуга чейин түшүнбөй жүрдүк, билсек дагы көңүл бурбай жүрдүк же болбосо бул аял киши деп кол шилтеп койгон күндөр болуп жатты, эми мамилени өзгөртөлү, аялдарыбызды кадыр барктуу кылып, аялдарды жакшы жашоого жетелейли, алар, аялдарыбыз, келиндерибиз жана кыздарыбыз бизге жакшы уул-кыздарды төрөп беришсин, мына ошондо, биз аксакал болгондо, аталарыбыз коркпой отурушат, мамлекетти коргойт булар деп, ишенип аларга. Мен эркектерге бир аз айтып койдум, эми түшүнгөндөр түшүндү, түшүнбөгөндөр түшүнөт деп ойлойм», — деди Ташиев.

Аялдар инкубатор эмес

Феминист Бегайым Замирбек Ташиевдин айткандарын сынга алды. Ал Ташиевдин сөздөрү бир жагынан, тагыраагы, аялдар ур-токмоктолбошу керек, өлтүрүлбөшү керек дегенинде туура чакырыктар бар экенин, бирок ошол эле учурда аялдарды инкубаторлорго теңеп койгон деп эсептейт.

«Анын сөздөрүнүн контексинен карасак аялдар менен кыздардын бир баалуулугу бар — бул инкубаторлук, ошондуктан аларды сабабаш керек экен. Ташиевдин айтымында, кыргыз кыздарынын аскерге солдаттарды чыгаруучу катары гана баалуулугу бар. Аялдарга мына ушундай товар катары мамиле кылуунун өзү эле сексизм. Бул эркектерди өлтүрбөш керек, себеби алар маршрутка айдашат дегендей эле сөз болуп атпайбы», — дейт Замирбек.

Анын айтымында, Кыргызстанда аялдар менен кыздардын баалуулугу менен коопсуздугу алардын бала төрөө функциясынан көз каранды болбошу керек, ал ар бир гумандуу мамлекеттегидей эле кадимки түрдө кепилдениши керек.

«Болбосо, Ташиевдин логикасы боюнча, эгер алар бала төрөбөсө же бала төрөө жашынан өтүп кетсе өлтүрө берсе боло берет экен», — деп жыйынтыктады сөзүн эксперт.

Социолог Нурзада Садырбекова Ташиевдин сөздөрү эне же бирөөнүн жубайы эмес аялдарды бөлүп-жарарын, ошондой эле гендердик стереотиптерди дагы бир жолу бекемдерин айтат.

«Аялдар татыктуу жашаш үчүн сөзсүз эле төрөшү керек деген милдет жок да. Эгерде аял түрдүү себептерге байланыштуу төрөй албаса же төрөгүсү келбесе, анда эмне татыктуу жашоого укугу жокпу? Ансыз деле аялдар коомубузда төрөй албай же дегеле уул төрөп бере албаганы үчүн канчалаган зомбулукка, кол көтөрүүлөргө кабылышат», — дейт Садырбекова.

Анын айтымында, Кыргызстанда аялдарга «адамча» мамиле кылуу керек деген түшүнүк келип жатканы жакшы, бирок ал аял курсагына бала көтөрө алганы үчүн эле болбошу керек. Садырбекова аялдар ансыз жакшы жашоого тактыктуу экенин, себеби алар «адам» экенин эске салды.

Өлкөдөгү аялдардын укуктары

Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү өлкөдө аялдардын укуктары жакшы эле, алардын эркектердикиндей эле укуктары бар, алар үй-бүлөлүк зомбулуктан жана ар кандай басмырлоодон корголгон, ал түгүл алардын парламентте квоталары бар деп көп эле айтышат. Бирок анын баары иш жүзүндө андай эмес да.

Эркектер мурдагыдай эле саясий жана экономикалык тармактарда үстөмдүк кылат. Мисалга, мыйзамдарда жазылган гендердик теңдүүлүк жада калса парламент жана өкмөттө да сакталбайт, ал эми аялдардын эмгек акысы өлкөдө эркектердикине караганда 25%га аз.

Кыргызстанда аялдарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдашат, сабашат, зордукташат же өлтүрүшөт. Акыркы бир нече жылда журналисттер аялдарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо маалында эн аз дегенде эле эки кыз киши колдуу болгонун жазышкан. Кыргызстан Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексинде (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги эң эле кооптуу өлкө деп табылган.

Анткен менен бийликтеги эркектер бул маселелерди чечкендин ордуна сексисттик демилгелерди сунуштап келишет. Мисалга, кыздардын кыска юбка кийүүсүнө тыюу салуу же аларды ата-энеси же күйөөсүүнүн уруксаты жок чет өлкөгө чыгарбоо.