Кыргызстанда имараттардын сейсмикалык туруктуулугун текшерүүчү комиссия түзүү талабы айтылды

Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы имараттардын сейсмикалык туруктуулугун текшерүү үчүн комиссия түзүү жана жабдууларды алуу талабы айтылды. Мындай сунушту 9-марттагы жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев айтып чыкты.

Абдалиев Түркиядагы жер титирөөдө урап түшкөн турак-жайларга байланышкан иш боюнча 997 киши шектүү катары өтүп жатканын, алардын 247си кармалганын белгиледи.

«Алардын арасында архитекторлор, курулуш компаниялардын жетекчилери бар. Бул олуттуу көйгөй. Бизде канчалаган имараттар курулду. Алардын сапатына ким, кантип жооп берет? Мен имараттардын баарын текшериш үчүн комиссия түзүп, чет мамлекеттен атайын жабдууларды алууну талап кылам. Ал жабдуу бетон жана арматуранын сапатын текшериш керек. Комиссия мүчөлөрүнө айлык төлөп бериш керек жана алар кимдер экенин баары билиш керек», — деди ал.

Буга чейин сейсмологиялык курулуш институтунун директору Камчыбек Кенжетаев көп кабаттуу бир үйдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү үчүн 200-300 миң сомго жакын каражат керектелерин билдирген.

6-февралда Түркия жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреген. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 21-февралга карата 50 миң адамдан ашып, дагы жүз миңдеген адам жабыркаган. Зилзаладан улам миңдеген имарат толугу менен кыйрап калган.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Түркиядагы өкүлү Луиза Винтондун айтымында, Түркияда февраль айындагы жер титирөөлөрдүн экономикага алып келген зыяны 100 млрд долларды түзөт.

Буга байланыштуу Кыргызстандын баш калаасындагы башаламан курулуштар маселеси дагы күн тартибине чыкккан. Алсак, президент Садыр Жапаров өлкө көз карандысыздык алган жылдардан бери Бишкекте салынган үйлөрдүн сапаты «Кудай өзүң сакта» деп жашаганга гана аргасыз кыларын билдирген. Анткен менен президент мындан ары башаламан курулуштарга жол берилбесин, ал эми жаңы курулуштардын сапаты мамлекеттик көзөмөлдө болорун убада кылган.

Ал эми минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бүткүл курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорду иштеп чыгууну тапшырган.