Исманкулов мурдагы саламаттык сактоо министри Бейшеналиевге карата доосунан баш тартты

Жеке клиниканын башчысы, коррупция иши боюнча камалган Алмазбек Исманкулов мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу Фейсбукка адвокаты Кайсын Абакиров жазды.

Ошондуктан Бишкектин Ленин райондук соту 10-мартта Исманкуловдун Бейшеналиевге карата ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо үчүн 1 млн сом өлчөмүндө моралдык кенемте өндүрүп берүү боюнча доо арызын кароону токтотту деп билдирди жактоочу.

Исманкулов мурдагы саламаттык сактоо министрине карата доо арызды 2022-жылдын июль айында берген. Жеке клиниканын директорунун айтымында, Бейшеналиев мамлекеттик кызматкер болуп туруп, өзүнүн беделине туура келбеген сөздөргө жана аракеттерге жол берген.

Бул Бейшеналиевдин ошол жылдын март айында Исманкуловдун клиникасына келип аны «лопух» деп атап, имаратты бошотуусун талап кылгандан кийин болгон.

2023-жылдын февралында Исманкулов коррупция иши боюнча ТИЗОго жөнөтүлгөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 орукананын корпусунун имараты ижарага берилбеши керек болчу.

Жыйынтыгында мамлекетке 93 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Башында аталган иш боюнча Исманкулов күбө катары суракка чакырылган, бирок сурак маалында анын статусу кайра квалификацияланып, камакка алынган.

2023-жылдын мартында Бишкек мэриясынын кызматкерлери Исманкуловдун клиникасын шаардык оорукананын имаратынан чыгарган.

Дагы окуңуз:

«Клиникаңды талкалап кетем». Министр Бейшеналиев Исманкуловду коркутту