Райондук сот Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алды

Алмазбек Исманкулов

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Көз микрохирургиясы» жеке клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин ТИЗО-1ге камакка алды. Бул тууралуу 13-февралда «Клоопко» Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 12-февралда чыгарган.

Ал эми экинчи шектүү, Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыкты.

Буга чейин, 10-февралда, Башкы прокуратура «Көз микрохирургиясы» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен борбор калаанын мэриясынын жооптуу кызматкерине «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, дарыгер менен аткаминердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Ал эми Исманкуловдун жактоочусу «негизсиз айып тагылып» жатат айтууда.

Исманкулов менен Бейшеналиевдин тиреши

Өткөн жылы 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» менчик клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Ал эми 10-мартта ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотууну талап кылган.

Кийинчерээк ошол кездеги министр Исманкуловдун клиникасынын кире беришине кум төктүрүп кеткен. Ал бул кылганы тууралуу түшүндүрмө берип жатып башкы прокуратурага маалымат бергенин айткан.

Ал эми 29-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун жеке клиникасы жайгашкан экинчи корпуста оңдоо иштерин баштаган. Бирок Исманкулов ага карабай имаратты бошоткон эмес.

18-апрелге караган түнү Бейшеленалиев Исманкуловдун клиникасына келип, адамдарды бекитип кеткен. Ал клиникада «адамдар ары-бери басып, курулушчуларды иштетпей жатканын» айткан.

Кийинчерээк Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, министрлик кызматтан кеткен. Бирок көп өтпөй ага козголгон кылмыш иштери токтотулуп, кийин Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду коррупцияга шектеп кармады

«ПолитКлиника»: Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды «кара тизмеге» киргизди