Бишкекте кайрадан Кемпир-Абадды коргоп камалгандарды бошотууну талап кылган митинг өттү

17-мартта Бишкектеги Горький атындагы паркта Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп дээрлик беш айдан бери камакта жаткан саясатчы жана активисттердин тарапташтары «эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн» митингге чыгышты.

Митингдин башында Аксы окуясында каза болгондорго багышталып куран окутулду. Бүгүн, 17-мартта, каргашалуу окуяга 21 жыл толду.

Нааразычылык акциясына 200дөй киши чогулду. Алар «Саясий туткундарга боштондук!», «Кемпир-Абадчыларга боштондук!», «Эки дос эсиңе кел!» деген плакаттарды көтөрүп чыгып, тынч митингдерди өткөрүүгө чектөөлөрдү алып, «мыйзамсыз» кармоолорду жана сөз эркиндигине кысымды токтотууну талап кылышты.

Ал эми катышуучулардын бири митингге бош плакат көтөрүп келди.

«Мен өлкөдө демократияны көрбөй жатам. Өз оюңду билдирсең эле көйгөй арттырасың. Мындан улам мен бош плакат көтөрүп чыктым», — деди ал.

Келгендердин баары жакындарынын ден соолугуна доо кетип жатканын айтышып, аларды жок дегенде үй камагына чыгарууну суранышты. Митинг өткөн парктын аймагына инсталляция орнотулуп, андагы дарактын бутактарына катышуучулар бийлик өкүлдөрүнө талаптарын жазып илишти.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, нааразылык акцияларына чыгып келишет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткен менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Кемпир-Абад ишин толук жашыруун кылды. Сот жабык тартипте өтүп турат

Кемпир-Абад иши. ТИЗОдогу активист Маматаев оор абалда ооруканага жаткырылды

Клара Сооронкулова операциядан кийин дарыгерлердин тыюусуна карабай ТИЗОго кайтарылды