Садыр Жапаров Кыргызстанда «өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталганын» айтты

Садыр Жапаров

21-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаров Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анда өлкө башчысы Кыргызстан «өткөөл кезеңди аяктап, өнүгүү жолуна түшкөнүн» айтты.

Жапаров эки жылдан бери өлкөдө «бекем ынтымак жана жапырт аракет менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат» деп белгиледи.


«Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз, буюрса, бара-бара дагы түздөлөт. Биз, өлкө жетекчилиги, эл ишеним артып берген милдеттердин өтөөсүнөн чыгууга тийишпиз. Өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык жана экономикалык турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн мыкты жөрөлгөлөр менен жакшы саамалыктар жаралууда», — деди ал.


Ошондой эле президент өткөн жылы Нооруз майрамын Баткенде майрамдаганын эске салды. Анын белгилешинче, чек ара көйгөлөрүнө байланыштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

Президент «кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз» деп убада берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баткен өнүксө — өлкө өнүгөт!» Президент жубайы менен Нооруз майрамын Баткенде тосуп жатышат

Баткен: Президенттин катышуусундагы Нооруз майрамына 8,3 млн сом сарпталды – Factcheck.kg