Ноокенде үй-бүлө апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди

Cүрөт: Turmush

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Айтмамбет Мамадалиев апасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна үй-бүлөсү менен өзү жашаган айылдын жолун оңдоп берди. Бул тууралуу 23-мартта «Турмуш» басылмасы жазды.

Мамадалиев райондун Момбеков айыл аймагында жашайт. Анын үй-бүлөсү апасынын жылдык ашына сарптала турган каражатка айылда жаан-чачында кыйынчылык жараткан жолго шагыл төгүп, тегиздеп берди.

«Өткөн жылы апам каза болуп калган, быйыл жылдыгын өткөрмөкпүз. Мечиттерде, эл чогулган жайларда, а түгүл бийлик башындагылар да той-аштарда, аза күтүүлөрдө ыксыз чыгымга жол бербейли деп чакырык жасап жатат. Мындан улам туугандарга жылдыкка кетчү каражатты айылдагы көчөнү оңдоп берүү боюнча сунуштасам, баары кубатташты. Ошондуктан жаан-чачында ылай болуп, жашоочулар кыйналган көчөнү аныктап, ал жерге шагыл төшөп, тегиздеп бердик», — деди ал.

Ошондой эле Мамадалиевдин үй-бүлөсү аталган көчөгө күндөн энергия алчу заманбап жарыктандыруу орнотуп берүүнү каалаган. Бирок РЭТтин кызматкерлери мамыга жарык орнотууда кыйынчылык жараларын айтып уруксат берген эмес.

Үй-бүлө жолду тегиздеп оңдоого 60 миң сомго жакын каражат сарптады.

Бул өлкөнүн аймактарындагы тургундар өз демилгеси менен социалдык көйгөйлөрдү чечкен биринчи учур эмес. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын тургуну Нурлан Сейиткулов жергиликтүү бейтапкананын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жанына кошумча имарат куруп берген.

Сейиткулов шаардагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын 5,5 миллион сомго оңдоп, жаңы эмеректерди алган. Ал бул саамалыкты 35 жашында оорудан каза болгон апасынын жаркын элесине арнаган.

Ал эми 2021-жылдын июль айында Ош облусунун Алай районунда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берген.

Алар курулушту баштан-аяк өз каражатына бүткөрүшкөн. Анда айылдын имамы «мындай саамалыктар ысырапкорчулуктун алдын аларын жана элге пайдасы тийсе маркумга сообу жетерин» белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди

Жалал-Абад: Тургундар каражат чогултуп дарт аныктоочу аппарат сатып алышты