Акыйкатчы институту: Милиция 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алды

Бишкек шаардык милициясы акыйкатчы Атыр Абрдахматованын кийлигишүүсү менен 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти көзөмөлгө алды. Бул тууралуу 29-мартта «Клоопко» Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын августунда калаадагы жаңы конуштардын биринин 43 жаштагы тургуну акыйкатчы институтуна жана райондук милицияга арыз менен кайрылган. Ал 16 жаштагы кызын 2020-жылы Бекжан атуу киши зоруктап кеткенин, бул тууралуу эки жылдан кийин билгенен айткан.

Арыз Биринчи май РИИБине каттоого алынган. Текшерүүдөн кийин тергөөчү «кылмыштын курамы жок» деген жүйө менен иш козгоодон баш тарткан.

Кийинчерээк райондук прокуратура тергөөнүн токтомун жокко чыгарып, ишти башка тергөөчүгө өткөрүп берген. Анда «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин иш токтотулган.

«Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен райондук прокуратура тергөөчүнүн кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомун жокко чыгарып, ишти иликтөөнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөттү», — деп белгилешти мекемеден.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз