Садыр Жапаров: 2023-жылдын аягына чейин 100дөй жаңы мектеп курулат

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын аягына чейин 100дөй жаңы мектептин курулушу бүткөрүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчысы 1-апрелде фейсбук баракчасына жазды.

«“Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт” деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы 42 жаңы мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө», — деп билдирди өлкө башчысы.

Ал эми үстүбүздөгү жылы 23-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы «жыл аягына чейин 204 мектептин курулушу аяктайт» деп ишендирген болчу.

Ош шаары, Нариманов мектебиндеги сабак. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Февралдын аягында президент Садыр Жапаров жакын арада мамлекет алгач Бишкекте, андан кийин аймактарда мектеп жана бала бакча курганды токтотот деп билдирген. Анын айтымында, зарылчылык жаралса жеке мектеп же бала бакча курам деген ишкерлерге мамлекет жер бөлүп берет.

Кыргызстанда мектеп маселеси курч бойдон калууда. Биринчиден, алар ашыкча толгон — окуучуларга бир партада үчтөн отурууга туура келет. Экинчиден, жада калса иштеп турган мектеп имараттары да көп учурда авариялык абалда.

2019-жылы өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда экенин билдирген. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүү керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Мамлекетте бала бакчалардын саны да тартыш. «Башта» долбоорунун маалыматында 1 млн 180 миң мектеп курагына чейинки балдардан ичинен 900 миңи (бул 75%) бала бакчага барбайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: 2023-жылдын соңуна чейин 204 мектептин курулушу аяктайт

Мамлекет жакында мектеп жана бала бакча курганды токтотот — Садыр Жапаров

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан