Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок

6-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектин мэрин түз шайлоону сунуштаган мыйзам долбоорун четке кагышты.

Добуш берүү учурунда эл өкүлдөрүнүн пикири бирдей болгон жок, айрымдары шаар тургундары мэрди өздөрү тандашы керек деген жүйө менен макул деп добуш берсе, кээ бири каршы чыкты.

«Керек болсо 20 [мэр] алмашсын. Иштей албайбы, иштей ала турганы келгенге чейин алмаштырыш керек. Эл үчүн, мекен үчүн, жер үчүн, ушул кызматты көргөзмөйүнчө алмаштырыш керек. Шайлоо жолу менен алып келе турган болсок, аны кайра жумуштан алыш үчүн, сиз өзүңүз айткандай, анын ошончо убарасы бар, ошончолук тоскоолдугу бар. Ошондуктан мен бул мыйзамга каршымын», — деди депутат Кундузбек Сулайманов, шаар башчыларынын алмашуусуна комментарий берип.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 38 депутат добуш берди, ал эми 13 депутат каршы болду. Бирок бул конституциялык мыйзам болгондуктан ага депутаттардын көпчүлүгү добуш бериши керек болчу, башкача айтканда 46 депутаттын добушу керек.

Буга чейин Бишкектин мэрин түз шайлоону сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин комитети жактырган. Аталган сунуштун демилгечилеринин бири депутат Жанар Акаев шаар тургундары «шаарды башкарууга аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, мэрди өздөрү шайлашы керектигин» белгилеген.

Бирок калаа башчыларын түз шайлоо сунушуна Министрлер кабинети каршы чыкан. Минкаб муну «түз шайлоо туруксуздукка алып келиши мүмкүн» деген жүйө менен түшүндүргөн.

2021-жылдын октябрь айына чейин шаар башчыларын шаардык кеңештин депутаттары, фракциялар жана премьер-министр тарабынан сунушталган талапкерлер тандалып келген. Бирок кийинчерээк республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо максатында президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.