Айзаданын таежеси бийликтен милиционерлердин шалаакылыгы боюнча ишти карап берүүнү суранды

5-апрелде Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонуна эки жыл толду. Ал эми 8-апрелде Бишкектин Биринчи май РИИБинин милиционерлеринин шалаакылыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эскирет.

Шалаакылык боюнча ишти УКМКнын шаардык башкармалыгы тергеп жатат, бул иш арадан эки жыл өтсө да сотко өтө элек.

Айзадын таежеси, Бактыгүл Шакенова эмнеге тергөө жүргүзүлбөй, анын жыйынтыгы чыкпай жатканын «Клоопко» айтып берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айзада Канатбекованы издөөдөгү милициянын шалаакылыгы боюнча иш дагы деле сотко өтө элек

Иллюстрация: Айзада Канатбекованын уурдалышына реакция