Камчыбек Ташиев беш баласы менен чатырда жашап жаткан аялга үй куруп берүүнү убадалады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Октябрь айылында балдары менен чатырда жашап жаткан Айзада Абдуллаевага үй куруп берүүнү убадалады. Бул тууралуу 8-апрелде «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

Буга чейин Bulak.kg басылмасы Абдуллаева үйү жок болгондуктан беш баласы менен чатырда жашоого аргасыз болуп жатканы тууралуу материал жарыялаган. Анда айыл тургундары аялга жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Рахманов материал жарыяланган соң Ташиев Октябрь айылына барып, Абдуллаева менен жолукканын билдирди. Анын айтымында, Ташиев аялга бардык шарты бар үй куруп берүүнү убадалады.

«Эми тез арада Абдуллаевага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнөт. [...] Буюрса, жакынкы убакта бул үй-бүлө өзүнүн менчик үй жайына ээ болот. Ага чейин да Ташиев тарабынан тийиштүү колдоо көрсөтүлүп турат», — деди Рахманов.

Камчыбек Ташиев бийликке келгенден бери муктаждарга өз чөнтөгүнөн жардым берип келет. Ал тууралуу сүрөт, видеолору көбүнчө өзүнүн «Регион» телеканалы жарыялап келет.

Өткөн жылдын мартында Ташиев кичи мекени Сузак районунун Барпы айылында бөйрөк ооруусунан жабыркаган Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп бергени айтылган. Анда каражат булагы белгисиз бойдон калган.

Ташиев июль айында Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Үлгү айылында жашаган жалгыз бой аялга үй куруп берген. Анда да каржат булагы белгисиз бойдон калган.

Ал эми ноябрь айында Ташиев үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөп берген. Ага дейре жергиликтүүлөр тарабынан аталган көчөгө Ташиевдин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылган.

Декабрда болсо Ташиев лейкоз менен ооруган Дайырбек Маматкалыевдин дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүүнү убадалаган. Бирок УКМКдан баланын дарылануусуна канча сом бөлүнөрүн жана каражат кайдан алынарын ачыкташкан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ташиев өздүк курамдын атынан реабилитациялык борборго 500 миң сом жардам берди

Ташиев лейкоз менен ооруган баланын дарылануусуна акча берүүнү убадалады