Күрөшчү Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам Азия чемпионатынан четтетилди

Күрөшчү Мээрим Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгина менен күрөшүп жатканда мурду канап, кан токтобой койгондуктан Азия чемпионатынан четтетилди.

Ал эми жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалда япониялык Ами Исииге 2:6 эсеби менен утулуп, коло медаль үчүн күрөшүп жаткан.

Буга чейин аялдар күрөшүндө спортчу Калмира Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмакта Азия чемпионатында коло медаль уткан. Ал эми Айпери Медет кызы финалга чыккан, ал казакстандык күрөшчү Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада 9-апрелде башталган, чемпионат 14-апрелде аяктайт.

Кыргыз курамасынын куржунуна сегиз медаль топтолду. Мурдараак Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Ал эми бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келген, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңишти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Акылбек Талантбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды багынтты

Үзүр Жусупбеков Астанадагы чемпионатта күмүш медалды багындырды

Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Азия чемпиону болду

Балбан Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду