Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Айпери Медет кызы

Спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде беттешип, 1/4 финалда индиялык 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Прияны 43 секундда жеңди. Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык Мизуки Нагашиманы 2:3 эсебинде утту.

Финалда спортчу казакстандык күрөшчү Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.

Буга чейин Калмира Билимбекова 59 килограммга чейинки салмакта жана Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалда утулуп, эми коло медаль үчүн күрөшөт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада 9-апрелде башталган, чемпионат 14-апрелде аяктайт.

Кыргыз курамасынын куржунуна жети медаль топтолду. Мурдараак Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Ал эми бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келген, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңишти.

Айпери Медет кызы — Азиянын эки жолку чемпиону, Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси жана 2020-жылы өткөн Токио олимпиадасынын катышуучусу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Талантбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды багынтты

Үзүр Жусупбеков Астанадагы чемпионатта күмүш медалды багындырды

Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Азия чемпиону болду

Балбан Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду