Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды

Сүрөт:Azattyk

Укук коргоочу, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова 12-апрелде үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Буга чейин анын жактоочусу Эркина Убышева Сооронкулова операциядан кийин реабилитацияга муктаж экенин айтып, аны бошотууну талап кылган. Дарыгерлер марттын аягында укук коргоочу пневмонияга чалдыкканын аныкташкан.

20-февралда ал ден соолугуна байланыштуу операция жасатуу үчүн ооруканага жаткырылган. Бирок 14-мартта аны дарыгердин тыюу салганына карабай кайрадан абакка киргизишкен.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткен менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде бир нече айдан бери ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул бир катар юристтердин нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова пневмонияга чалдыкты

Клара Сооронкулова операциядан кийин дарыгерлердин тыюусуна карабай ТИЗОго кайтарылды

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова жеке менчик ооруканага жаткырылды