Прокурор: Былтыр 80 милиция кызматкерине карата иш козголуп, жетөө эркинен ажыратылды

2022-жылы Ички иштер министрлигинде иштеген 80 милиция кызматкерине карата 65 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында билдирди.

Ал козголгон кылмыш ишинин алкагында жети кызматкер эркинен ажыратылып, сегизине пробациялык көзөмөл колдонулганын белгиледи. Ал эми 26 кызматкер айыпка жыгылса, 29у акталды, 10 иш тергөө мөөнөтү аяктананын байланыштуу кыскартылды.

Зулушев өткөн жылы Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин катыштыгы бар 11 кылмыш иши каралганын белгиледи. Анын айтымында, бир кызматкер эркинен ажыратылып, экөө айыпка жыгылса, алтоо акталды. Ал эми бир иш кайра тергөөнүн кароосуна жөнөтүлдү.

«Бул кылмыштардын баары 2022-жылдагылар эле эмес, арасында мурда да козголгон иштер бар. Булар болсо быйыл жыйынтыгы чыккандар», — деди Зулушев прокуратуранын кызматкерлерине карата козголгон иштер тууралуу маалымат берип жатып.

Өткөн жылы милиция кызматкерлери пара талап кылуу, баңгизат сатуу, зордук-зомбулук сыяктуу бир нече кылмыш ишине айыпталып, айрымдары камакка алынган. Кочкор жана Сузак райондорунда милициянын кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырганы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир топ кызматкер жазаланган.

Ал эми азыркы тапта эки жыл мурда Айзада Канатбекованын киши колдуу болгону байланыштуу милициянын шалаакылыгы боюнча козголгон иштин дагы деле сотко өткөрүлбөй жатканы коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.

Бирок ИИМ тутумунда бир феномен бар — резонанстуу иштерден кийин жумуштан алынган же кызматтан четтетилген милиция кызматкерлери, коомдун ачуусу басаңдагандан кийин жаңы кызматка дайындалып, эч нерсе болбогондой карьерасын улай берет. Бул тууралуу кененирээк материлды төмөнкү шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айзаданын өлүмү: Апрелде милициянын шалаакылыгы боюнча иш эскирет, тергөө болсо аяктай элек

Кээде кайтып келишет. Чуулгандан улам иштен алынып, кайра чоң кызматка келген миллиционерлер