«Эмдөөдөн баш тартышкан». Жыл башынан бери Баткенде кызамык оорусунун 12 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Баткен облусунда кызамык оорусунун 12 анык, ошондой эле 29 күмөндүү учуру катталды. Бул тууралуу 24-апрелде «Клоопко» Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери кызамыктын Кызыл-Кыя шаарында 6, Баткен районунда 4, Кадамжай районунда 2 учуру катталган.

Көзөмөл борборунан «оорунун күч алышына жана тарап кетишине жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөөдөн өткөрүлбөй жатканы себеп болууда» деп белгилешти. Ага ылайык, илдетке чалдыккандардын ичинен экөөсү гана эмдөөдөн өтсө, ал эми калган 10 адам баш тартышкан.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асель Кошбаева оорунун жайылышынын алдын алуу үчүн семинарлар өткөрүлүп жатканын айтты.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана фельдшерлерге маалыматтарды ЖМКлар аркылуу жеткирип жатабыз. Бүгүнкү күндө иммунологдор жер-жерлерди кыдыруу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, вакциналарды кантип туура сактоону үйрөтүп жатышат. Мечиттин имамдарына дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, өздөрүнүн багыттамасы менен жумушту алып барышы үчүн облустук казыят менен да сүйлөшкөнбүз», — деп билдирди Кошбаева.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын апрель айындагы маалыматына ылайык, жыл башынан тарта өлкөдө кызылча оорусу менен 41 жана кызамыктын 6 учуру катталган.

Илдеттин көбөйүшүнүн негизги себеби кызылча жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн азайышы, эмдөөдөн баш тарткандардын санына байланыштуу экени белгиленген.

Кызамык — көбүнесе балдарда жана жаштарда кездешүүчү жугуштуу вирустук инфекция. Кош бойлуу аялдардагы кызамык түйүлдүктүн өлүмүнө же тубаса кемтик синдромуна алып келиши мүмкүн. Ооруну эмдөө аркылуу гана алдын алуугу болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө өспүрүм кыздарды папилломага каршы эмдөө башталды. Бул эмне үчүн маанилүү?

Өлкө боюнча гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат