Руслан Бекназаров бир жылдык пробациялык көзөмөл мөөнөтүнө коюлду

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровго карата чечим чыгарды.

Соттун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Бишкектин Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал бир жылга эркиндигинен ажыратылып, бирок ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулду.

Ошондой эле Бекназаров «Террордук ишке көмөктөшүү» беренеси боюнча анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын сентябрында экстремисттик материалды жайылтууга шектелип кармалган. Анда милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришкен.

Ноябрда Бекназаров үй камагына чыгарылган. Андан көп өтпөй эле ал Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары кызматын тапшырган.

Азимбек Бекназаров уулуна карата козголгон ишти өзүнүн бийликке сын айтуусу менен байланыштырган. Саясатчы учурда өзү да Кемпир-Абад ишинин фигуранты.