«Эч ким кыйнаган жок». Бекназаровдун уулу Свердлов райакиминин орун басарлык кызматынан кетти

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов райондук акиминин орун басары кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы барагында билдирди.

«Кызматымды өз арызым менен тапшырып бердим. Бишкек шаардык мэриясына, Свердлов районунун акимчилигине, жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Аз болсо дагы чын ниетимден кызмат кылдым», — деп жазды ал.

Руслан Бекназаров сентябрда экстремисттик материалды жайылтууга шектелип кармалган. Анда милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришкен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Руслан Бекназаровду 2-ноябрда үй камагына чыгарган. Соттун чечимине ылайык, ал 2022-жылдын 12-декабрына чейин үй камагында болот.

Ал арада Руслан Бекназаровдун атасы Азимбек Бекназаров «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» иши боюнча дагы деле Бишкектин ТИЗО-1де камакта отурат. Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетинин башка мүчөлөрүндөй эле суу сактагычты Өзбекстанга берүүнү сындап чыккандан кийин кармалган.

Ал эми элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон.

Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.