Сот Азимбек Бекназаровдун уулун үй камагына чыгарды

Экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жаткан Руслан Бекназаров үй камагына чыкты. Мындай чечимди 2-ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Азимбек Бекназаровдун уулунун бөгөт чарасы 12-декабрга чейин үй камагына өзгөртүлдү.

Милиция Руслан Бекназаровду 14-сентябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. ИИМден ал экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелип жатканын айтышкан.

Анда Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын маалымдашкан.

Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага чейин милиция бул иш боюнча Бекназаровду суракка алган болчу.

15-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бекназаровду 12-октябрга чейин ТИЗО-1де камакта калтырган.

Ал эми анын атасы Азимбек Бекназаров баласын камаганы бул бийликтин «пастыгы» деп атаган.

«Менин баламды камап, мен чөгөлөтөм деп жатасыңар. Жаңылышасыңар. Мени чөгөлөтөм деген далай президенттерди көргөм. Ошолордун бири — силерсиңер. Силер мени, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп турган бакиевчилерди дагы 1,5 жылдан бери алдап келатасыңар. Убадаңарды аткарган жоксуңар», — деп айтып, өлкө жетекчилеринин отставкасын талап кылган.

Сотто айыпталуучу журналисттерге аны атасынын «Кумтөр» кенине байланыштуу сын-пикиринен улам камакка алышканын айткан.

«Бул эки достун кылган иши. Мени коё бергиле дешсе бошотот, а эгер жок десе бошотпойт. Мен сотко, тергөөчүгө, прокурорго аларды түшүнөрүмдү айтып, ишиңерди кыла бергиле дедим. Бул атамдын айткан сөздөрүнө байланыштуу экенин баары билет. Атамдын сынынан улам президент жеке буйрук берип мени камашты. Өч алуу саясаты эч качан жакшылыкка алып барбайт», — деген ал.

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Азимбек Бекназаровдун камалышы

Азимбек Беканазаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон. Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.

Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган башка активисттер жана саясатчылар менен бирге кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ активисттерди жана саясатчыларды кылмыш жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кармаган. Кийинчерээк кармалган 21 кишини Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизген.

Кийинчерээк Бекназаров абактан кат жазып, бийлик «активисттер менен саясатчыларды Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип салуу үчүн жармап жатышар» деген пикирин билдирген.

Тема боюнча:

Бекназаров ТИЗО-1ден кат жазды: Бизди Кемпир-Абадды берип салуу үчүн кармап жатышат