Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөдөн кийин кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан кыргызстандык куткаруучу Темирлан Жумамүдүновго жана Түркиядагы элчи Руслан Казакпаевге мамлекеттик сыйлык тапшырды. Бул тууралуу 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумамүдүнов «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы медалга ээ болсо, Казакпаев ардак грамота менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде Түркиянын Анкара шарындагы президенттик сарайда өттү. Ага Кыргызстандан министр Бообеек Ажикеев жана анын биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

6-февралда Түркия жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреп, 50 миңден ашык адам каза таап, жүз миңдеген киши жабыркаган. Кырсыктан кесепетинен миңдеген имарат кыйраган.

Куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 182 куткаруучу барган. Алар сегиз адамды урандынын алдынан тирүү алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн чыгарышкан.

Кыргыз бийлиги Түркияга жардам иретинде 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөткөн. Кийинчерээк кыргыз боз үйлөрүндө окуучуларга сабак өтүлүп жатканы кабарланган.

Ошондой эле бийлик зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачып, ага 103 млн сомдон ашуун каражат түшкөнү айтылган.

Зилзалада Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы жана дагы бир жаран урандынын алдында калып каза тапканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандарды кыргызстандыктар кантип куткарышты?