Бир кадр менен: Түркияга жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүндө окуучуларга сабак өтүлүп жатат

13-мартта Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, кыргыз жазуучусу Султан Раев Түркиянын зилзаладан жабыркаган аймагына жардам катары жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүнүн сүрөтүн бөлүштү.

Сүрөт: Султан Раев

Анда боз үйдүн ичинде парта жана столдор тизилип турганын жана балдар сабак окуп отурганын көрүүгө болот.

«Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт… Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз текши ооздон “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен!” деп айтышты», — деп билдирди Раев.

Буга чейин түркиялык оппозициячыл саясатчы Кемал Кылычдароглунун тарапташтары зилзаладан жабыркаган аймакка жардам катары жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүнө тамшанып, катар тизилген үйлөрдүн сүрөтүн бөлүшүшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркияга жалпысынан 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөткөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 182 кызматкерин жөнөткөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат. Алар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышкан.

6-февралда Түркия жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреп, 50 миңден ашуун киши каза таап, жүз миңдеген киши жабыркаган. Ал эми кырсыктан улам миңдеген имарат толугу менен кыйрап калган.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачып, ага бүгүнкү күнгө карата 103 млн сомдон ашуун каражат келип түшкөн.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы жана бир жаран урандылардын алдында калып каза тапканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Түркияга жардам катары жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрү

Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди