Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Жүк 200. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

14-февралда Түркиядагы каттуу жер титирөөдө көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, зилзаланын кесепетинен каза болгон жарандын сөөгү Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдун жакындары Turmush басылмасына комментарий берип, Токтогул районунуна караштуу Өзгөрүш айылынын 37 жаштагы тургуну Мадина Бактачиева үстүбүздөгү жылы 6-февралда каза болгонун тастыкташты.

Газиантеп шаарында 6 жылдан бери жашап, эмгектенип келген маркумдун артында жалгыз уулу калды.

Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна таянып, Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык жарандын каза тапканын билдирген.

Ага ылайык, Хатайда карыяга кам көрүп иштеп жүргөн кыргызстандык аял кырсыкта урандылардын астында калып көз жумганы тууралуу маалыматты консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 14-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзала 31 миң 643 адамдын өмүрүн алып, 80 миң 278 киши жарадар болгон.

Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 5714кө жеткени жана 5 миңден ашуун киши жабыр тартканы кабарланат. Каза болгондор тууралуу маалымат дагы да такталууда.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Ошондой эле 12-февралда Кыргызстандан атайын борт менен Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам берүү үчүн 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөп кеткен.

Ал эми дагы 50 куткаруучу, 75 боз үй, ошондой эле медициналык каражаттар, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам 14-февралда жиберилери кабарланган.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Кыргызстандан 50 куткаруучу жана 6 дарыгер Түркияга учуп кетти

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандан барган куткаруучулар 19 кишинин сөөгүн табышты

Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана 100 куткаруучу жиберет