Бир кадр менен: Депутаттар Улуттук банкка барып «Кумтөрдүн» алтынын текшеришти

27-апрелде Жогорку Кеңеш Улуттук банкка барып «Кумтөрдүн» алтынын текшерген депутаттык комиссиянын сүрөттөрүн жарыялады. Депутаттык комиссия 2022-жылдын сентябрынан тартып 2023-жылдын март айына чейин «Кумтөр Голд Компанинин» мамлекетке өткөндөн берки ишин текшерген.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Парламенттин сайтына жарыяланган сүрөттөрдүн биринде депутаттык комиссиянын мүчөсү Арсланбек Малиев Улуттук банктын кампасында алтын куймасын колуна алып сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

Депутаттык комиссия компанияда финансылык бузуулар аныкталып, ошондой эле 2021-жылы жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашык 19,2 тонна алтындын «белгисиз өлкөгө» сатылып кетишине байланыштуу чыккан чуудан кийин түзүлгөн.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров комиссия түзүүнү, анын курамына оппозиция мүчөлөрүн дагы киргизүүнү сунуштаган.

Депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Балбак Түлөбаев (Ынтымак), Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан»), Алимжанова Нилуфар («Альянс»), Арсланбек Малиев («Элдик»), Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») жана Карим Ханджеза («Мекенчил») кирген.

2023-жылдын 26-январына карата маалымат боюнча, Улуттук банкта 43 миң 944,13 кг алтын кору сакталууда.

Дагы окуңуз: Масалиев «Кумтөрдүн» ишин жана алтындын сатылышын иликтөөчү депутаттык комиссияны жетектейт