Масалиев «Кумтөрдүн» ишин жана алтындын сатылышын иликтөөчү депутаттык комиссияны жетектейт

Депутат Исхак Масалиев «Кумтөрдөгү» алтындын сатылышы, кендин Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайланды. Бул маселе Жогорку Кеңештин 27-октябардагы жыйынында каралды.

Ал эми убактылуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова дайындалды.

Масалиев убактылуу комиссиянын курамы 20га чукул кишиден турарын белгилеп, «комиссияга бардык фракциянын лидерлери кирди» деп билдирди.

«Биринчи кезекте маалыматты, чечимдерди, токтомдорду жыйноо процесси болот. Экинчиден, “Кумтөрдүн”, Centerra’нын отчётторун жыйнашыбыз керек. Баарын топтогон соң отурумда пикир алмашабыз. Мага ишеним көрсөтсөңөр, калыс иштегенге аракет кылам. Комиссиянын чечими чыкмайынча, расмий түрдө баа бере албайм», — деди ал.

«Кумтөрдүн» иши боюнча депутаттык комиссия 28-сентябрда түзүлгөн. Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев киргени кабарланган.

«Белгисиз өлкөгө» сатылган алтындын чуусу

Буга чейин «Кумтөрдө» финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, баасы 1 млрд доллардан ашык сумманы түзгөн 19,2 тонна алтындын «белгисиз өлкөгө» сатылганы тууралуу иликтөө чыккан. Буга байланыштуу депутаттар менен оппозиция бийликтен отчёт берүүнү талап кылган.

Бул талаптарга президент Садыр Жапаров жооп берип, маселеге байланыштуу комиссия түзүп, ал жакка оппозициянын мүчөлөрүн киргизүүнү сунуштаган. Буга Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) комиссияны жетектөөгө даярдыгын билдирип, «бийликтен конкреттүү кадамдарды» күтүп жатканын белгилеген.

Эми депутаттык комиссияга оппозиция менен коомчулуктун өкүлдөрү кошулабы жокпу азырынча белгисиз. Анткени, БДКнын көптөгөн мүчөлөрү Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандайн кийин кармалып, эки айга ТИЗОго киргизилген.

Президент мурдаарак эгер алтынды уурдоого жакын адамдары аралашканы билинсе, аларды жакыны же досу экенине карабай каматууну убада кылган.

Дагы окуңуз:

Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон