Белгисиз демөөрчүлөр милициянын кайгуул кызматына эки кызматтык унаа белек кылышты

Белгисиз демөөрчүлөр Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын башкармалыгына Hyundai 2022 үлгүсүндөгү эки кызматтык унаа белекке беришти. Бул тууралуу 11-мартта «Клоопко» кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды алып берген демөөрчүлөр ысымдарын атоону туура көрүшкөн эмес.

Белгисиз демөөрчүлөр өткөн жылы 24-августта дагы мамлекеттик кызматкерлерге «Тойота Приус» үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа белек кылышкан. Анда дагы милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз катчысы унааларды алып берген демөөрчүлөр өздөрүн ачыктабоону туура көрүшкөнүн белгилеген.

Ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында аты аталбаган «чет элдик өнөктөштөр» президенттин Күзөт кызматына коштоп жүрүү үчүн эки жол тандабас алып бергени белгилүү болгон. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев белгилегендей, аталган унаалар үчүн «мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат сарпталган эмес».

Белгисиз демөөрчүлөр

Буга чейин белгисиз демөөрчүлөр Ички иштер министрлигинин имаратын да оңдоп беришкен. Анда министрликтен жумуштар айрым демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатканын билдиришкен жана алардын ысымдарын айтуудан баш тартышкан.

Аны менен катар, белгисиз демөөрчүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көптөгөн имаратын да салып жатышат.

Мисалы, 2021-жылдын июлунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда атайын кызматтын кызматкерлерине делген 205 батирлүү турак-жай да «демөөрчүлөрдүн эсебинен салынып жатканын» айткан. Ташиев үйдүн курулушун ким каржылап жатканын айткан эмес, ал эми «Кабар» маалыматтык агенттиги демөөрчүлөр курулушка 100 млн сом бөлүшкөнүн жазган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы 6-мартта УКМКнын төрагасы өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында үч гектар жерге курула турчу төрөт үйүнүн курулушуна капсула салган.

Маалыматка караганда, курулуштун жалпы баасы 270 миллион сомду түзөт. Аталган каражатты демөөрчүлөр бөлүп берген, бирок кайсыл демөөрчүлөр экени айтылган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милициянын кайгуул кызматы белгисиз демөөрчүлөрдөн беш кызматтык унаа алды

Ташиевдин кичи мекенинде белгисиз демөөрчүлөрдүн каражатына төрөт үйү салынат