Эки кадр менен: Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Беларусь жана Армениянын президенттери Москвадагы парадда

9-майда Москвада өтүп жаткан *Улуу Ата-Мекендик согушта Улуу Жеңиш күнүнө арналган парадда отурган Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Беларусь жана Армениянын лидерлеринин сүрөтү жарыяланды.

Сүрөт: РИА Новости

Анда бардык Борбор Азия мамалекеттеринин башчыларын — Садыр Жапаровду (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаевди (Казакстан), Шавкат Мирзиёевди (Өзбекстан), Сердар Бердымухаммедовду (Түркмөнстан), Эмомали Рахмонду (Тажикстан) жана Беларустун лидери Александр Лукашенко менен Армениянын президенти Никол Пашинянды көрүүгө болот.

Буга чейин, 25-апрелде Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бул парадка барары белгилүү болгон. Анда Жапаров чет жактан келе турган жалгыз лидер экени айтылган.

Бирок акыркы бир жуманын ичинде Путин башка президенттерди да парадка катышууга чакырганы кабарланып, лидерлердин Москвага сапар тартканы маалымдалып жаткан.

Аталган өлкөлөрдүн президенттеринин Москвага болгон иш сапарлары 2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага кол салуусу менен башталган согуш жүрүп жаткан шартта болууда. Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы согуш маселеси боюнча БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманып келишет.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салуудагы өнөктөшү СССРге кол салган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок атууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвадагы парадга бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери катышат

Садыр Жапаров 9-майда Украинадагы согушту тутандырган Орусияга барат