«Азаттык»: Орус абагындагы дагы бир кыргыз жараны Кадыров Украинадагы согушта каза тапты

Орусиянын абагында жазасын өтөп жаткан кыргызстандык Актилек Кадыров Украинанын катуу кармаш болуп жаткан Бахмут шаарында каза болгону айтылды. Бул тууралуу маркумдун жакындары «Азаттыкта» 17-май чыккан видеодо ырастады.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыргызстандык «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Орусиянын тарабынан согушка кеткен. Жакындары маркумдун согушка качан тартылганын так билишпейт. Алар аны 2022-жылдын сентябрында мобилизация башталганда эле кеткен деп божомолдошот.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Азаттык (kg) (@azattyk.kg)

«Согушка күзүндө эле кетсе керек. Биз февралда гана билдик. Апасы уулун согуштан майда келет деп күтүп жүргөн. Марттын жетисинде каза болуптур, биз 13-майда уктук. Вагнердин өкүлдөрү “сөөктү Кыргызстанга өзүбүз жеткиребиз, табытты ачканга болбойт” деп айтышыптыр, денесине снаряд тийип күйүп кеткен экен», — деген маркумдун жакындары.

Кадыров 2020-жылдан бери камакта отурган, тергөө иштеринин созулуп кеткенине байланыштуу 2022-жылы гана аны алты жылга кесүү боюнча соттун чечими чыккан.

28 жаштагы Кадыров Ош облусундагы Кара-Суу районунун кулуну болгон. Анын сөөгү 18-майда туулган жерине алып келинери айтылат.

Украинадагы согуштан сөөгү келген кыргызстандыктар

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарынын сөөгү Украинадагы согуштан келген учурлар буга чейин бир нече жолу катталган.

27-январда кыргызстандык Аян Алишеровдун өлүмү тууралуу белгилүү болгон. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапкан.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына «Вагнер» ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Ал эми 1-февралда «МедиаХаб» Орусияда соттолгон Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов тууралуу видео жарыялаган. Анда ал 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы айтылат. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилген.

15-февралда дагы бир кыргыз жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоевдин Украинадан сөөгү келгени белгилүү болгон. Чолоевдин жакындары ал Орусиянын камагында жаза өтөп жатып, ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка кеткенин «Азаттыкка» билдиришкен.

Ал эми 11-майда дагы бир кыргызстандык Чыңгыз Изабеков Украинадагы согушта каза болгону кабарланган. Орус абагында жаза өтөп жаткан Изабеков да ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка тартылган.

26-апрелде балдары Орусиянын абактарында отурган 30 чакты ата-эне бийликке кайрылган. Алар президент Жапаровдон «баңгизат ташыган» деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам сурашкан.

Ата-энелер балдары курьерлик жумушка киргенден кийин эле «Орусиянын мафиясына жем болуп, баңгизат менен кармалып жатканын» белгилеп, абактагы мигранттар Украинадагы согушка тартылат деген тынчсызданууларын белгилешкен.

Аталган маселени депутат Жанар Акаев парламенттин 27-апрелдеги жыйынында көтөрүп, Башкы прокуратура бул боюнча ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин айткан.

Тышкы иштер министрлигинин ушул жылдын февраль айындагы маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган 1282 кыргыз жараны бар. Алардын 1077си Орусиянын абактарында.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм.

Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз.