«Тыюу салганга укуктук негиз жок». Иманалиев Акаевди лекция окууга ректорлор чакырганын айтты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрлик биринчи бозгун президент Аскар Акаевди окуу жайларга лекция өтүүгө чакырбаганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 22-майдагы комитет жыйынында айтты.

Ал Акаевди окуу жайдын ректорлору чакырганын белгилеп, бул алардын «эрки экенин» айтты.

«Мен мамлекеттик кызматтагы кишимин, мыйзамга баш ийем. Тыюу салганга менде укуктук негиз жок. Эгер кандайдыр бир саясий провокация болсо, [Акаевдин лекция окуганы] саясий чыңалууга алып келсе, ар бир ректор өзү жооп берет», — деди ал.

Буга чейин Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети менен Илимдер академиясы аларда Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдиришкен.

Бозгун президент окуу жайларда лекция окуй турганын анын тарапташы Бекболот Талгарбеков 20-майда билдирген. Анда ал Акаев жубайы Майрам Акаева менен 18-майда эле Кыргызстанга келип, Казакстанга бир барып келгенин айткан.

Акаевдин лекция окуй турганы боюнча маалымат тараган соң Политехтин студентинин ага нааразычылык билдирип жазган кайрылуусу жарыяланган. Ал «Акаев — коррупция, тоноочулук, бүлдүрүү жана саткындыктын символу» деп белгилеп, жаш муун үчүн лекция өтүү тууралуу билдирүүсүн «шылдың» катары баалаган.

Аскар Акаев жана анын өлкөгө келиши

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Андан кийин ал өлкөгө 2021-жылдын декабрында келген. Келген күндүн эртеси андан УКМК «Кумтөр» иши боюнча сурак алган. 20-декабрда Акаевдин санаалашы Талгарбеков ЖМКларга Акаевден бардык айыптар алынганын, эми ал Кыргызстанда эркин жүрө ала турганын айткан.

21-декабрда УКМК Акаевдин иши боюнча кылмыш иликтөө иштери уланып жатканын, айыптар алынбаганын билдирген.

Бирок 2023-жылдын январында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» Акаевдин кылмыш иши кыскартылганын билдирген. Акаев алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланууда жана 1992-жылы канадалык «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүгө жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылууга айыпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды