«ИИМге жан тартып койду». Рузахунов Алматы райондук сотунун үстүнөн даттанарын айтты

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Астана шаарынын Алматы райондук сотунун үстүнөн жогорку инстанцияга даттанат. Бул тууралуу ал 26-майда «Азаттыкка» билдирди.

Музыкант аны сабаган казакстандык милиция кызматкерлерин тааныганын, тергөөдө алардын кылмыштары дээрлик далилденгенин белгиледи.
Рузахунов сабалгандан кийин сурак берип жаткан видеосу Казакстандын Ички иштер министрлиги аркылуу кантип тарап кеткени түшүнүксүз болуп жатканын айтты. Ал сот ИИМге «жан тартып койду» деп эсептейт.

19-майда Астана шаарынын Алматы райондук соту музыканттын ар-намысын, кадыр баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине карата доо арызын канааттандырган эмес.

Сотко катышкан Казакстандын ИИМнин басма сөз кызматынын башчысы видеотасма кандайча телеканалдын колуна тийгенин «айта албайм» деп билдирген.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахунов өткөн жылы Казакстанда болгон Январь окуяларында кармалып, кыйноого алынган. Музыкант кабыргалары сындырылганын, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

Рузахуновду кыйноо иши боюнча кылмыш иши өткөн жылдын 10-февралында козголгон. Ал эми 2022-жылдын декабрында кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин иликтөө экспертиза дайындалгандыктан убактылуу токтотулганы белгилүү болгон.

Музыкант өзү журналисттерге 2022-жылдын сентябрь айында жактоочусу менен бирге Казакстанга барып, тергөө иштерине катышып, аны кыйноого жана мыйзамсыз кармоого катышкан полиция кызматкерлерин тааныганын айтып берген.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Райондук сот Викрам Рузахуновдун казак ИИМне каршы доо арызын канааттандырган жок