Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт — Садыр Жапаров Акаевдин башкаруусу жөнүндө

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тактан кулатылган биринчи президенти Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени боюнча үн катты. Өлкө башчысы Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экендигин, ал эми “Күмтөр” иши боюнча көрсөтмө берүү менен Акаев «каталарын оңдоп кетти» деп эсептейт.

«Биз аны “Кумтөрдү” “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү “Кумтөрдү” Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот», — деди президент «Кабар» агенттигине курган маегинде.

Жапаров Аскар Акаев президент болуп турганда кетирген каталары үчүн моралдык жоопкечиликти сезиши керекпи деген суроого дагы жооп берди.

Президент антип ойлогон дагы жарандар бар деп жооп берди. Бирок «Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт», Акаевдин бийликте турган кездеги жакшы жактарын дагы эстен чыгарбоо керек деп эсептейт Жапаров. Мисалы, Кыргызстан Борбор Азия ичинде биринчилерден болуп улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизгенин. 

«Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар болду, кандай тоскоолдуктар болду, азыр алардын баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол [ал өлкөнү башкарып баштаган] мезгилде Союз чачырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган учур болчу», — деп эсептейт ал.

20-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Кыргызстанга келгени маалым болгон. Башында Акаев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде жана Илимдер академиясында лекция окуй турганы айтылган

Бул соцтүйүндөрдө нааразылык жаратып, Политехтин айрым студенттери окуу жайдын ректоруна кайрылуу жолдоп, Акаевдин лекциясына каршы чыгышкан, студенттердин каты соцтүйүндөргө дагы таркаган. 

Бул чуудан кийин техникалык университет менен Илимдер академиясында Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдиришкен. Бирок билим берүү министри Каныбек Иманалиев «лекциялар 26-29 майда үч мекемеде – Политех, Илимдер академиясы жана Улуттук университетте пландалганын» билдирген. Бирок «коомчулуктун нааразычылыгынан улам, лекциялар өтүлбөйт деген чечим чыгарылган». 

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын башкаруусу коррупция, бийликти узурпациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыкканда, аларга каршы курал колдонгону менен эсте калган. 

Дагы окууңуз: Үй-бүлөлүк башкаруу. 16 жыл өткөндөн кийин Акаевдин режимине сүртүм