ИИМ Ниязалиеванын штабында иштеген эки адамды «добуш сатып алуу» боюнча камакка алды

Бишкекте «Добуш сатып алуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  Дамира Ниязалиеванын штабында иштеген эки киши кармалды. Бул тууралуу 31-майда «Клоопко» шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, «Добуш сатып алуу» боюнча иш 29-майда козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта алар тергөө менен кызматташууда.

28-майда Ленин округундагы шайлоо учурунда ИИМ Дамира Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган. Ниязалиева соцтүйүнгө жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» деп сыпаттаган.

Эртеси күнү анын штабы мөөр басылып жабылып, кылмыш иши козголгон. Милиция иш козгоп, штабын тинтүүгө интернетте тараган аудио негиз болгонун билдирген.

Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жаздыруу 29-майда тараган. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон. Бирок Ниязалиева аудиону монтаж деп атап, муну «атаандаштарынын добуштарды жокко чыгарууга аракети» деп баалаган.

Ленин районундагы шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон — ага 6 242 шайлоочу добуш берген.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Бул аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Боршайкомго эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылуудагы маалымат тастыкталган эмес. Ал эми үчөөнү укук коргоо органдары териштирүүдө — корутундусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Дамира Ниязалиева деген ким?

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламентке депутат болгон.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ниязалиева №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоодо алдыга чыккан Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, штабы мөөр басылып жабылды