Кыргызстанда чет элдик тыңчы жөнүндөгү мыйзамга каршы жарандык акция башталды

«Смарт жаран» ассоциациясы «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга Орусиянын «чет элдик тыңчы» түшүнүгүнүн киргизүүнү максат кылган түзөтүүлөргө каршы флешмоб баштады. 

«“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү дискриминациялык мыйзам долбоорунун өзөгүндө башка пикирге сабырсыздык жана өлкөбүздү тышкы дүйнөдөн оолактатуу калоосу жатат», — дейт «Смарт жаран».   

Соцтармактардын айрым колдонуучулары акцияга кошулуп, «“АЛАР” үчүн мен чет элдик агентмин, анткени мен коррупцияга/сөз эркиндигин ооздуктоого каршымын» деген же дагы башка себептер камтылган сүрөттөрдү жүктөп жатышат». 

Акцияга кошулуу үчүн  #БүгүнМенАгент#ЭртенСенАгент #НашаСвободавОпасности  #NGOsMatter хэштегин койсо болот. 

Кыргызстандагы сөз эркиндиги

Кыргызстанда бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине жана жарандык коомго, ошондой эле бейөкмөт уюмдар секторуна басым жасаган толкун уланууда. Эксперттер белгилегендей, бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга каршы куралга айлана турган мыйзам долбоорлорун демилгелеп жатат. 

Мындай мыйзам долбоорлордун бири «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштайт. Маалымат каражаттарында бул документти «чет элдик тыңчылар жөнүндө» мыйзам долбоору деп атап калышты. 

Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты киргизди. Демилгечилер Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюп жатышат. 

Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган. 

 «Адилет» укуктук клиникасы ушул долбоор боюнча комментарий берип жатып, мыйзам адам укугун бузат деп билдирди

Дагы окууңуз: Орусиянын «чет элдик тыңчысына» окшош. Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамына түзөтүүлөр сунушталды