Ниязалиеванын штабында иштеп, «добуш сатып алууга» шектелген эки киши үй камагына чыкты

Бишкектин Свердлов райондук соту Дамира Ниязалиеванын штабында иштеген эки кишини 29-майга дейре үй камагына чыгарды. Буга чейин алар «Добуш сатып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 31-майда райондук сот шаардык милицияда иштеген тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен чыгарган.

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева 35,83% добушка ээ болуп алдыга чыккан.

Ниязалиеванын үстүнөн 29-майда «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгонун кабарланган.

Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жаздыруу 29-майда тараган. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон. Бирок Ниязалиева аудиону монтаж деп атап, муну «атаандаштарынын добуштарды жокко чыгаруу аракети» деп баалаган.

Дамира Ниязалиева деген ким?

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламентке депутат болгон.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ниязалиева №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес.