Германия Кыргызстанга медицина тармагын жакшыртуу үчүн 4,5 млн евро грант берет

Иллюстративдик сүрөт

Германия өкмөтү Кыргызстанга медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртуу максатында 4,5 млн грант бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июнда министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шартын жана сапатын жакшыртууга салым кошууга багытталган.

Ведомстводон бул каражатка Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылганын белгилешти.

«Германия өкмөтүнүн колдоосунун аркасында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды, алардын жыйынтыгы жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу, Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кытай Кыргызстанга техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кайтарымсыз негизде 42 млн доллар грант берери маалым болгон. Мындай келишимге үстүбүздөгү жылы 18-майда кол коюлган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кытай Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлоруна 42 млн доллар грант берет

Жапония Баткенге жол куруу үчүн 5,3 млн доллар грант берет

Кытай Кыргызстанга грант катары 100 өрт өчүрүүчү унаа берди